Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Кербен шаарында 220 орундуу жаңы бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кербен шаарында 220 орундуу жаңы бала бакча ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылыш аземге өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Б.Кочкоров, район акими М.Айдаралиев, шаар мэри жана жергиликтүү тургундар катышты.

Буга чейин бул имаратта Мамлекеттик чек ара кызматына тиешелүү кеңсе жайгашкан. Имараттын оңдоо иштерин жүргүзүүгө жеке ишкерлер, ата-энелер да көмөк көрсөтүшкөн.

Бала бакчанын оңдоп-түзөө иштери үчүн 1 млн 47 миң сом бөлүнгөн. Түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 800 миң сом жумшалган.

86

88

89

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1470
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×