Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Аксы райадминистрациясынын имаратынын алдындагы арчаны кыркып кеткен адам жоопкерчиликке тартылган жок, - жергиликтүүлөр (фото)

Turmush -  Аксы райондук администрациясынын имаратынын алдындагы арчаны унаасы менен сүзүп, кыркып кеткен тарап жоопкерчиликке тартылган жок. Жергиликтүү жашоочулар Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдагандай, өсүп турган арчаны белгисиз айдоочу унаасы менен сүзүп, андан соң кыркып алып кеткен. Бирок буга карата эч кандай чаралар көрүлө элек.

«Райондун борборундагы арчаны белгисиз унаа сүзүп, айдоочусу изин жашыруу максатында аны кыйып, алып кеткен. Бирок милиция, Кербен шаардык мэриясы жана тиешелүү кызматтар бул иш боюнча керектүү чараларды көргөн жок», - деди Кербен шаарынын жашоочусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2857
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×