Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 22.07.2016 14:24

Кербен шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти (фото)

Turmush -  Аксы районундагы Кербен шаарында кечээ, 21-июлда күндүзгү саат 15:40 чамасында ылдамдыгы секундасына 15-22 метрге чейин жеткен шамал болду.

Шамал Жардуу-Колот аймагындагы МДС көчөсүндөгү 2 кабаттуу көп батирлүү үйдүн чатырын  учуруп, жакын жайгашкан электр мамычасындагы чубалгыларга илинип, электр тогу өчкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Шамалдын кесепеттерин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×