Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 12.12.2016 17:30

Кербен шаардык кеңешиндеги мандаттарды 6 партия алат (тизме)

Turmush -  Кербен шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы менен партиялардын мандаттары аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы районундагы өкүлү Казыбек Шадыбеков билдирди.

«Кербен шаардык кеңешине 7 партия ат салышкан. Бул партиялардын арасынан 6 партия мандат улуу укугуна ээ болду. Мандаттар ала турган талапкерлердин тизмеси аныкталат», - деди К.Шадыбеков.

Мандат алган патиялар:

1. КСДП — 10 мандат;

2. «Мекеним Кыргызстан» - 5;

3. «Бир Бол» - 5;

4. «Республика - Ата Журт» - 4;

5. «Өнүгүү-Прогресс» - 4;

6. «Кыргызстан» - 3;

Кербен шаардык кеңешинде 31 мандат бар.

Мандатка ээ болуу үчүн шайлоочулардын 7%дан көп добушун алуу керек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×