Ырчынын инилери кабарлагандай, К.Аширалиев кант диабети менен жабыркап келген. Ал 27-майда 60 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
К.Аширалиев убагында «Уча бер үмүтүмдүн каркырасы» аттуу ыры менен таанымал болгон. «Ата Журт», «Энекем», «Сары-Челек», «Көк бөрү гимни» сыяктуу ырлардын автору. Ырчы жакында жеке концертин берүүнү пландап жаткан эле.