Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Кербенде энергетиктерге курулган 2 кабатуу имарат пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Аксынын Кербен шаарында райондук электр тармактар ишканасынын жаңы 2 кабаттуу имаратынын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага райондун акими Масалбек Мырзамамытов, «Жалал-Абад электр» ААКтын директору Кеңешбек Маматканов жана кызматкерлер катышты.

Аталган ишкананын жетекчиси Өмүрзак Бийназаровдун айтымында, жаңы имараттын курулушун 50 жыл күтүшкөн.

«Жаңы имараттын курулушун 50 жылдан бери күтүп жатканбыз. Биздин имарат тар болуп, бир орунга 3 кызматкер отурган күндөр болгон. Эми кызматкерлер үчүн жакшы шарт түзүлдү», - деди ал.

Жаңы имаратты куруу үчүн тендер жарыяланып, аны «Мега континент» ЖЧКсы утуп алган. Курулуштун сметалык баасы 10 млн сомду, ал эми тендердик баасы 8 млн сомду түзгөн. 2016-жылы курулуш иштери башталган. Аталган ишканада 100дөн ашык кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1351
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×