Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Жалал-Абад облусу, Кербен 22.01.2019 17:06 На русском

Алмаз көздүү шакек, күйөө куржун, ширин чай жана Шри-Ланкага жолдомо… Кыргыз-өзбек үй-бүлөсүнүн кудалашуусу (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында кыргыз жигити Мускат сүйүктүүсү — өзбек кызы Дилнозага бош кошконго чейин ата-энеси куда түшүп барды. 15-январда өткөн эки элдин кудалашуу аземине Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы күбө болгон.

Кудалашуу аземинде сөйкө салуу, ачуу басар, бата той жөрөлгөлөрү да жасалды. Алгач Мускаттын кудалашууга барган туугандарын кыз тарап ун жана май менен тосуп алышты. Сый дасторконго алгач «ширин чай» (кайнак сууга нават кошулган) берилди. Мындай чай таттуу, сыйлуу куда, тамыр сөөк бололу деген тилек менен берилет.

Куда түшүп келген тарап күйөө куржун катары 4 себетке кургатылган мөмө-жемиштерден, ичимдик жана суусундуктун түрүнөн, атыр, бет май өңдүү боёнуучу каражаттарды, жумшак оюнчуктун түрүн салып барышты. Кыздын үйүнө киришкен соң кайын эне келинине ак жоолук салып, алмаз көздүү алтын сөйкө, кудагыйына шакек тагып, батасын берди. Кайын атасы 100 миң сом, эки кой жетелеп келди.

Ал эми кыз тараптан апасы Дилнозага чынжырча жана билерик, кудагыйына шакек такты. Андан кийин эки тарап тең эки жашка кийгизилүүчү кийиттерин акчалай тапшырып, кыздын ата-энеси бал айды өткөрүү үчүн 5 миң доллар белек кылышты. Жаштар январь айынын соңунда Шри-Ланка жарым аралында расмий никеге туруп, бал айын өткөрүүнү пландап жатканы айтылды. Ал эми Мускат чет өлкөдө иштегенине байланыштуу бул аземге катыша алган жок. Ал сүйүктүү колуктусун шартка байланыштуу Шри-Ланка жарым аралынан күтөрү белгилүү болду.

Кудалашуу – никелешүү алдында ата-энелердин нике тууралуу макулдашуусу, убадалашуусу. Кудалашуу төмөндөгүдөй түрлөрдө жүргүзүлгөн – бел куда, бешик куда, кайчы куда.

Бел куда – төрөлө элек балдарды (боюнда бар кезинде) келечекте баш коштуруу үчүн убадалашуу;

бешик куда – бала кичинекей, бешиктеги мезгилинде кудалашуу;

кайчы куда – кыз алышып, кыз беришүү.

Кудалашуу демилгеси жигиттин ата-энеси же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×