Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Кербен 28.08.2019 10:12

Кербенде жолдун жээгинде соода кылгандар базарга көчүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Кербен шаарында жолдун жээгинде соода кылган 100гө жакын соодагер базарга көчүрүлдү. Бул тууралуу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, соодагерлер борбордук базарга жайгаштырылып, жолго асфальт төшөлүүдө.

Буга чейин Кербен шаарынын мэриясы бир нече жолу жол четиндеги соодагерлерди базарга көчүргөн. Бирок жарандар базарда соода болбой жатканын айтып, жолдун четинде соода кылып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×