Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жылдыз Жапыралиева. Америкалыктарга келин болгон Жылдыз айым үй-бүлөлүк жашоонун өзгөчөлүктөрү, кайын журту жана аны таң калтырган күнүмдүк окуялары менен Turmush басылмасына бөлүштү.
«Мен 1991-жылы Ысык-Көл облусунда жарыкка келгем. Азыркы тапта Ташкент шаарында жашайбыз. 2015-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин филология жана эл аралык байланыштар факультетин бүтүргөм. Ошондон бери англис тили мугалим болуп иштеп келем.
Жолдошум менен социалдык тармак аркылуу таанышканбыз. Андан кийин эле коронавирус пандемиясы башталып кетти. Анын аты Лук, ал 1993-жылы АКШнын Аляска штатында төрөлгөн. Чоң атасы Италиядан Америкага көчүп келиптир, ал эми апасы нукура аляскалык болгондуктан, жолдошум Лук да Алясканын байыркы тургуну (Alaska Natives) болуп эсептелет. Лук мугалим болуп иштейт, ал математика сабагынан окутат.
2020-жылы кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаганбыз, 2023-жылы май айында үйлөнөлү деп чечтик. Ошол эле жылы жайында жолдошумдун ата-энеси жана карындаштары келишти. Биз кыргыздын каада-салты менен кыз узатуу аземин өткөрдүк. Кийинки жылы жаз мезгилинде Бишкек шаарындагы жарандык абалдын актыларын каттоого (ЗАГС) барып, расмий түрдө никеге турдук. Андан соң жайында Аляскада үйлөнүү той өткөрдүк.
Жолдошум абдан боорукер, камкор жана берешен адам. Мага болгон мамилеси менен мени өзүнө тартты, өзүмө ишенүүгө, өзүмдү баалоого үйрөттү. Эң негизгиси — ал тамак жасаганды жакшы көрөт, ал эми мага тамак жасоо жакпайт. Ошондуктан кечинде "эмне тамак жасайм?" деп башым оорубайт.
Мен курбуларым менен бир жакка кетсем, жолдошум жазып же чалып, тынчтык бербейт деп ойлогом, бирок тескерисинче экен. Башында буга таң калып, “мүмкүн баары бир чыгар” деп ойлоптурмун. Көрсө, ал жөн гана мага эркиндик берип жатыптыр. Убакыт өтүп, мен ага көнүп кеттим. Тескерисинче, жолдошум менин үй-бүлөмө көнүшү керек болду. Менин үй-бүлөм көп сүйлөбөгөн, токтоо адамдар, ал эми жолдошумдун үй-бүлөсү ачык-айкын, көп сүйлөшөт. Ошондуктан башында андай мамилеге көнүү бир аз кыйын болду» - деди ал.
Анын айтымында, алардын баш кошуусуна ата-энеси каршылык көрсөткөн эмес.
«Менин тандоомду ата-энем түшүнүү менен кабыл алышты. Ичтеринен сарсанаа болушкандыр, бирок мага аны билдиришкен жок. Ар бир ата-эне баласынын бактылуу болушун каалайт эмеспи. Ата-энем да тандоомду сыйлашып, "Кимге турмушка чыкпа, эң негизгиси сени сыйлап, ынтымактуу жана бактылуу болсоң, бизге ошол эле керек" дешти.
Биринчи жолу Аляскага барганда кайнатамдын креслосу аябай жакты. Ошол замат эле “кайнатанын ордуна келин отурбаш керек” деген кыргыздын ырымы эсиме түшүп, бирок баары бир отуруп алдым. Отурганда бир аз ыңгайсыз да болдум. Анан кайнатам келип: “Жика, эмне ичесиң? Маргарита жасап берейинби?” деп калды. Өзүм араң отурган жаным, чочуп кетип, “жок ай” деп койгом. Кийин көнүп калганда: “ата, мага маргарита жасап бере каласызбы” деп баштабадымбы (күлүп).
Аларда келиндер же күйөө балдар кайната, кайненесине "ата, апа" дебей, атынан кайрылышат экен. Бирок мен антип кайрыла албайм, дайым “ата, апа” деп кайрылам. Ошон үчүнбү, айтор аябай жакынбыз, мени абдан жакшы көрүшөт», - деди ал.
Жылдыз айым үйлөнүү алдында өтүлгөн сабак тууралуу кеп козгоду.
«Мага алардын көп нерселери жагат. Бирок бир жери өзгөчө жаккан — биз үйлөнөрдө кадимкидей “үй-бүлө куруу деген эмне?” деген сабак өткөнбүз. Ал жерде видео сабактар болуп, аны көргөн соң маектешүү жүргөн. Мисалы, ар бир үй-бүлөнүн өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү болот. Ошолорду алдын ала сүйлөшүп, чечишип, ар ким өз оюн эркин билдире алат экен.
Кайсы майрамдарды ким менен өткөрөбүз? Кимдир бирөөнүн ата-энеси ооруп калса же башка жагдай болуп кетсе кандай чара көрөбүз? Ушундай маанилүү суроолорду чогуу талкуулап, макулдашабыз.
Эң негизгиси — аял менен күйөө бири-бирин биринчи орунга коюшу керек экен. Ошондо гана бекем үй-бүлө болот дешет. Көп адамдар балдарын же ата-энесин биринчи орунга коюп алышат, ал болсо таарынычтарга, түшүнбөстүктөргө алып келет экен. Биз мунун баарын ошол сабактардан үйрөндүк. Айта берсем, абдан көп кызыктуу жана пайдалуу нерселер болду. Эгер Кыргызстанда да үйлөнөрдө ушундай сабак өтүлсө, жаштар бири-бирин жакшыраак түшүнүп, бактылуу жашоого жетишмек», - деди ал.
Каарманыбыз учурдагы жашоосу боюнча айтып берди.
«Кыргыздардан айырмаланып, алар ар бир нерсени абдан эрте пландашат. Биздин үйлөнүү тоюбуз жайында өткөн, ал эми кайненем күзүндө эле даярданып, чакырууларды жөнөтүп койгон. Ошондон бери мен да баарын алдын ала пландаганды үйрөндүм. Азыр менин үй-бүлөм — ата-энем дагы көнүп калышты. Алар да конокко чакыра турган болсо, эки жума мурун кабар беришет.
Жумуштан кийин пазл (англ. puzzle — табышмак, баш катырма) чогултканды, жолдошум менен сейил бакта басканды жакшы көрөм. Эс алуу күндөрү жолдошум төшөккө эртең мененки тамак жана кофе алып келет. Дем алыш күндөрү экөөбүз үчүн абдан жагымдуу учур — түшкө чейин жөн гана отуруп сүйлөшөбүз, музыка угабыз, жумасына бир жолу кино көрөбүз. Каникулдарда саякатка чыгабыз. Келечекте көптөгөн өлкөлөрдө жашап көргүм келет, ар бир элдин каада-салтын, жашоо образын таанып билгим келет. Ошондуктан жашоону биринчи Өзбекстандын Ташкент шаарынан баштадык», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.