Turmush — Ош шаарынын мурунку мэри Жеңишбек Токторбаев айдап жүргөн «Changan» үлгүсүндөгү кызматтык унаа «ОшТВ» телеканалына берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.
Жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрү аталган унааны буга чейин Токторбаев өзү айдап жүргөнүн тастыкташты.
Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «ОшТВ» телеканалына берилген унаа Жеңишбек Токторбаевдин тушунда Жалал-Абад элинин атынан белекке келген 10 автоунаанын бири болгон.
«Жалал-Абад элинин атынан 10 унаа белекке берилген. Анын тогузу аймактык башкармалыктарга таратылып, бирөө калган болчу», - деп айтылат маалыматта.
Учурда мэрдин «Toyota Land Cruiser 300» жана «Li 9» кызматтык унаасы бар.
----------------------------------------------------------------
Жеңишбек Токторбаев мэр болуп турган учурда бир нече жолу белекке унаа алган.
2026-жылдын 11-февралында ага жалал-абаддык достору белек кылган «Toyota Land Cruiser 300» үлгүсүндөгү унаа да мэриянын балансына өткөрүлгөн.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы аталган унаа мындан ары кызматтык автоунаа катары пайдаланыла турганын билдирген.
Унаанын базардагы баасы 80 миң доллардан 150 миң долларга чейин болот.
2025-жылдын 9-июлунда Министрлер кабинетинин төрагасныны орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ага «Changan X5 Plus» үлгүсүндөгү автоунааны белекке тапшырган. Ал учурда Ташиев бул темир тулпар жакшы иштеп жатканы үчүн жеке өзүнө берилгенин айткан.
Кыргызстанда «Changan X5 Plus» унаасынын баасы 11 миң 500дөн 13 миң 200 АКШ долларына чейин. Баа автунаанын комплектациясынан жана чыккан жылынан көз каранды. Мисалы, Бишкек шаарында 2025-жылы чыккан, кыймылдаткычы 1.5 литр болгон «Changan X5 Plus» унаасынын баасы 12 миң долларга чейин болот.
2025-жылдын 17-сентябрында президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге жаңы кызматтык унаа белек кылган. Калаа башчысына унаа Жеңишбек Токторбаевдин Бишкекке болгон иш сапарында тапшырылган.
Бул окуя президент Садыр Жапаров Оштун мэрине этика ченемдерин аткарбаганы, жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганы үчүн катуу сөгүш берген күндүн эртесине туш келген.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, мэрге «LiXiang L9» үлгүсүндөгү унаа берилген. Бул унаалардын баасы чыгарылган жылына жана комплектациясына жараша 30 миң доллардан 65 миң долларга чейин болот.