Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ — УЛУТ КӨРКҮ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ» долбоорунун он төртүнчү каарманы — Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чак айылынын тургуну Миргүл Рахманалиева.
Чоң-Алай району — менин киндик каным тамган жерим, кичи мекеним. Ал Кыргызстандын түштүк тарабында жайгашкан. Түндүгүнөн Алай району, түштүгүнөн Тажикстан, чыгышынан Кытай менен чектешсе, айрым бөлүктөрү Баткен облусу менен да чектешет.
Чоң-Алай өрөөнү Памир тоо системасынын түндүк чеги болуп эсептелет. Бул жерди көбүнчө "Памирдин дарбазасы" деп аташат. Райондун деңиз деңгээлинен эң төмөнкү чекити 2400 метрден башталат. Салыштырмалуу айтсак, бул Бишкек шаарынан үч эсе бийик дегенди билдирет.
Райондун жалпы аянты 4860 чарчы чакырымды түзөт. Климаты кескин континенталдуу. Жай мезгили кыска болсо, кыш мезгили узакка созулат. Ошондуктан бул аймак кышы узак жана суук райондордун бири болуп эсептелет.
Чоң-Алай районунун аталышынын тарыхы
Жалпысынан ар бир жер-суу аталышынын өзүнүн тарыхый мааниси болот. Тарыхый булактарга таянсак, бул аталыш XI кылымда эле Махмуд Кашгари Барсканинин эмгектеринде кездешет экен. Мындан сырткары, Алай жери “Манас” эпосунда да эскерилет. Аталышынын негизги маанисине токтолсок, Чоң-Алай өрөөндүн көпчүлүк бөлүгүн ээлеп, Алайдан айырмаланып чоң аймакты камтыгандыктан ушундай аталып калган. Бул жердеги “чоң” деген сөз “ири”, “кең” деген маанини билдирет. Ошондуктан бул аймак Чоң-Алай деп аталып калган.
Чоң-Алай району 1992-жылы өз алдынча район болуп түзүлгөн. Ага чейин Алай районунун курамында болгон. Ошондой эле 1936-жылдары бул эки район бөлүнүп, кийин кайра бириктирилгени тууралуу маалыматтар да айтылып жүрөт. Бул ошол кездеги административдик башкарууга жана социалдык шарттарга байланыштуу болгон деп айтылат. Негизинен, расмий түрдө Чоң-Алай району 1992-жылы өз алдынча район макамын алган. Азыркы учурда райондо 3 айыл аймагы жана 20дан ашык айыл бар. Райондун борбору — Дароот-Коргон айылы.
Дароот-Коргон айылы жана чеби
“Дароот” же “Дараут” сөзү фарс тилиндеги “дара” — өрөөн, капчыгай жана “рут” — дарыя деген түшүнүктөр менен байланыштырылат. Ушундан улам бул бөлүк “суулуу капчыгай” же “өрөөндөгү суу” деген маанини туюнтат. Ал эми “коргон” сөзү чеп, сепил же коргонуу жайы дегенди билдирет. Демек, “Дароот-Коргон” аталышы жаратылыш өзгөчөлүгү менен коргонуу маанисин айкалыштырган тарыхый аталыш катары түшүндүрүлөт.
Чоң-Алай районундагы дубалын тургузуу үчүн малдын каны, сүтү кошулган Кул датка чебинин 30 пайызы гана сакталып калган. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы Кул датка чеби Кыргызстандагы тарыхый жайлардын бири.
Бул чеп Кокон хандыгына чейин эле эки кабаттуу болуп курулуп, ортосуна отун сакталган. Кытай, Ооганстан, Тажикстан менен чектешкен аймактарда жер үчүн тынымсыз согуштар болуп тургандыктан, душмандар кол салганда чептин айланасына отундарды күйгүзүп, коргонушкан дешет. Ал эми экинчи божомолго таянсак, чептин айланасына тегерете аң казып, аны Дара жылгасынын суусу менен толтуруп, дарбазаны күндүз көпүрө, түндө дарбаза катары колдонушкан деп айтылат. Тарыхчылар 1864-жылы Кокон хандыгын Кудаяр хан башкарып турганда Кул датка миңдеген аскери менен Чоң-Алайга жортуул жасап, анан чепти курдурган дешет. Кул датка — Кокон хандыгы тарабынан дайындалган тажик улутундагы кол башчы болгон. Чепти административдик борбор катары пайдаланып, жергиликтүү элден салык чогултуп турган. Чепти курууда элдин малын тартып алып, сойдуруп, алардын канын, эчкинин жүнүн, төөнүн сүтүн ылайга кошуп, дубалдарын тургузган. Бирок мындай чоң чепке сүт жеткирүү мүмкүн эмес болуш керек. Ошондуктан күрөктү сүткө малып, анан аны менен ылай алышкан деген божомол чындыкка жакыныраак.
Кул датка чебинин туурасы 50 метр, узундугу 80 метрди түзөт. Дубалынын калыңдыгы 1 метр 20 сантиметр, бийиктиги 5-6 метр. Төрт бурчунда кароолчулардын жайы бар. Бир кезде малканага айланып калган чеп 2012-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.
Чоң-Алай районунда климат кескин континенталдуу болгондуктан, дыйканчылык дээрлик өнүккөн эмес деп айтууга болбойт. Айрым жылуураак жерлеринде дыйканчылык менен алектенишет. Бирок район элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен күн көрөт. Анткени аба ырайы салкын болгондуктан, бул жерде уй, кой, жылкы жана топоз багууга ыңгайлуу. Айрыкча топоз суукка чыдамдуу жаныбар болгондуктан кеңири багылат. Анын этин, сүтүн пайдаланышат. Сүтүнөн курут, май сыяктуу азыктар даярдалат. Мындан тышкары, топоз суукка чыдамдуу болгондуктан, аны кыш мезгилинде да жайыттарда багуу ыңгайлуу.
Альпинисттер агылган Ленин чокусу
Чоң-Алайдын кырка тоолору мөңгүлөргө абдан бай. Алардын ичинен өзгөчө сыймыктануу менен айта турганыбыз — Кыргызстан боюнча бийиктиги жагынан 2-орунда, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн арасында 3-орунда турган Ленин чокусу. Бул чокуга дүйнөнүн ар тарабынан альпинисттер келип, аны багындырууга аракет кылышат. Ошол эле учурда бул чоку өтө кооптуу болгондуктан, ажал тапкандар да болгон.
1974-жылы Ленин чокусу аймагында альпинизм тарыхындагы эң кайгылуу окуялардын бири катталган. Ал жылы СССРден келген 8 аял альпинисттен турган топ 7000 метрге жакын бийиктикке чыгып, чокуну багындырууга аракет кылышкан. Бирок күтүүсүздөн аба ырайы кескин өзгөрүп, күчтүү кар бороон башталган. Альпинисттер чатырда калууга аргасыз болушкан. Суук, катуу шамал жана кычкылтектин жетишсиздиги алардын абалын оорлотуп, тилекке каршы, топтун бардык мүчөлөрү каза болушкан. Бул трагедия Ленин чокусунун канчалык кооптуу экенин дагы бир жолу далилдеп, альпинизм тарыхында өзгөчө эскерилген окуя болуп калды. Ошондон кийин бул чокуга чыгууга даярдык жана коопсуздук чаралары мурдагыдан да олуттуу карала баштаган.
Ошондой эле Чоң-Алай району мөңгүлөргө абдан бай болгондуктан, айрым мөңгүлөрдүн аталыштары бүгүнкү күнгө чейин коюла элек. Ленин чокусун жергиликтүү эл илгертен "Ачык-Таш" же "Жар-Башы" деп атап келишкен. Ал эми 1871-жылы орус изилдөөчүсү Алексей Федченко аны биринчи жолу илимге киргизип, "Кауфман чокусу" деп атаган. Кийин гана 1928-жылы Лениндин атын алган. Азыркы учурда аны Манас-Ата чокусу деп атоо демилгелери да тез-тез көтөрүлүп келет.
Кайсы уруунун өкүлдөрү отурукташкан?
Биздин райондо 30 миңден ашуун калк жашайт. Алардын көпчүлүгүн орто курактагы адамдар жана жаштар түзөт. Уруулук курамына токтолсок, ичкиликтин курамындагы найман, тейит, кыпчак сыяктуу уруулар жашайт. Мен өзүм тейит уруусунан болом. Бул уруу да өз ичинен бир нече майда урууларга бөлүнөт. Бул тууралуу “Тейит хандын урпактары” деген атайын китеп да бар. Тейит уруусунан чыккан белгилүү, кадыр-барктуу инсандар арбын. Ошондой эле тейит уруусу өз ичинде сары тейит, чал тейит, кара тейит жана башка майда уруктарга бөлүнөт.
Жаа атуу боюнча
Биздин динде “балдарыңарга сууда сүзгөндү, ат мингенди жана жаа атканды үйрөткүлө” деп айтылат экен. Мен жаа атуу менен алектенип калганыма абдан сыймыктанам жана бул жолго келгениме эч качан өкүнбөйм. Буюрса, бул менин өмүр бою коштоп жүрчү сүйүктүү хоббим болуп калат деп ойлойм. Жаа атуу менен алектене баштаганыма 1 жылдай убакыт болду. Бул спортто жашка чек коюлбайт. Кичинекей болобу же чоңбу, кимде-ким жаанын жибин тартып, жебени мээлей ала турган күчкө ээ болсо, жаа ата алат. Айтор, 7 жаштан 70 жашка чейин бул өнөр менен алектенүүгө мүмкүн. Менимче, кичинекей балдарыбызга муну тарбиянын башаты, улуттук баалуулук катары үйрөтсөк, бул өзүбүз үчүн да чоң жетишкендик болмок. Келечекте уулдарыма да, кыздарыма да сөзсүз түрдө жаа атканды үйрөтөм деген ниетим бар.
Жаа атууда көздүн көрүүсү маанилүү десек болот. Бирок ошол эле учурда ички туюм да керек. Анткени кээде мелдештер узакка созулуп кетип, караңгы кирген учурда да ички туюм менен ата беребиз. Кээ бир учурда жебелерибиз таамай тийсе, айрым учурда туш тарапка чачырап кетиши мүмкүн. Албетте, көздүн көрүүсү курч болгону жакшы. Бирок көздүн көрүүсү анчалык жогору деңгээлде болбосо да, жаа атуу менен машыккан адамдын көрүүсү жакшырат деп ойлойм. Себеби жаа атууда бир гана чекитке тигилип, ошол жерге бүт көңүлүңдү бурасың. Ошондуктан бул көз үчүн да жакшы көнүгүү болуп эсептелет.
Жыйынтыктоочу сөз...
Жалпы Чоң-Алай району боюнча берилген суроолордун акырында “Районуңуздун эмнеси менен сыймыктанасыз?” деген суроо бар экен. Мен райондун кең пейилдүү эли, тунук суулары, бийик мөңгүлүү чокулары жана көз жоосун алган кооз жаратылышы менен сыймыктанам. Мындан тышкары, чоң-алайлык экеним менен да сыймыктанам. Ар бир кадамымда Чоң-Алайдын кызы катары өз райондун атын чыгарууга аракет кылам. Чоң-Алай эли тууралуу дайыма жакшы сөздөр, жакшы ойлор айтылып турушун каалайм. Ыйман менен кенге бай, берекелүү — Чоң-Алай. Чакырганыңыздарга чоң рахмат.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова
10. Ысык-Көл районунун кызы — Тахмина Акылбекова
11. Жумгал районунун кызы — Сезим Рахатбекова
12. Тогуз-Торо районунун кызы — Мадина Алтымышова
13. Тоң районунун кызы — Айжан Бактыбекова