Turmush — Ат-Башы районунда тыйын жутуп алган 8 жаштагы балага жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунан кабарлашты.
Анын ата-энесинин айтымында, бала ойноп жатып байкабастан СССР маалында чыгарылган 5 тыйынды жутуп алган.
Текшерүү учурунда тыйын баланын кызыл өңгөчүнө туруп калганы аныкталган. Хирург Азат Керимов катетердин жардамы менен тыйынды сордуруп, ийгиликтүү алып чыкты.
Учурда баланын абалы жакшы.