Turmush — Базар-Коргон районунун Акман айылынын тургуну Дамирбек Кубанычбеков 100 миң долларга (азыркы курс менен 8 млн 742 миң 740 сом) арашан тукумундагы «Белый кермез» деген кочкорду сатып алды. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, бийиктиги 1 метрден ашкан бул кочкорун ошол эле породадагы 8 тубар койго койгон. Үй-бүлөсү буга чейин башка койлорду багып келген. Акыркы 2-3 жылдан бери арашан койлорго кызыгуусу артта баштаган. Короосундагы 300дөй жөнөкөй койду сатып, асыл тукумдуу делген 100дөй кой сатып алган. Андагы койлору ал күткөндөй асыл тукумдуу чыкпай калган. Мындан улам ал короосундагы койлордун экинчи ирет тазалап, арашандын таза кандууларын сатып алууга өткөн. Азыркы тапта короосунда 25тей арашан кой, 4 кочкору бар. Жакында Таластан 100 миң долларга «Белый кермез» деген кочкорун козусун сатып алган. Азырынча облуста эн кымбатка сатып алынган ушул кочкор болуп турат.
«Таластан Ачок байкеден алдым. «Белый кермез» деген кочкор, 6 тиш. Ал киши көп жылдан бери кой чарбасында целекциялык жумуштарды жасаган, тажрыйбалуу адам. 3 айдай сүйлөшүү менен менин кызыгуумду көрүп ушул баага берди. Бул кочкорго бул баа арзан болду. Анткени бул өзүнүкүн актап койгон. Бүгүнкү күндө атактуу кочкорлордун балдары жаны түшөр замат 100-200 миң долларга бааланып жатат. Аны кеминде 2 жыл күтүү керек болот. Жаңы баштоочуларга кыйын. Ошондуктан мен да жаңы баштоочу катары тобокелдик менен даяр эле кочкор сатып алдым. Буйруса таза кандуу арашандар көбөйөт деп ниет кылып жатам. Бул кочкордун бийиктиги, бутунун жоондугу, узундугу, кулактары башкы критерийлерге жооп берет. Дал ушул ак түс эң баалуу түс болуп эсептелет. Бул кочкор ургаачы төлдү жакшы берет экен. Бул албетте кирешелүү болот», - деди ал.
Андагы кочкорду 8 баш тубар койго салган. Быйылкы жылдын күз мезгилине биринчи туутун кабыл алат.
«Биринчи 100 койду арашан деп алып, эми укмуш байып кетем деп ойлогом. Көрсө эң төмөн типтеги койлор экен. Көрсө мен алданып калыптырмын. 8 ай караган соң аларды сатып, арашандын суппер элиталарына өттүм. Болушунча арашанга байланышкан маалыматтарды окудум, башкалардан кеңеш алдым, өз алдымча издендим. Аягында бир чечимге келип, арашан койдун элиталарынан 8 баш койду 50 миң долларга сатып алдым. 1 кой боз, бири козусу менен келген. Экөө 20 миң долларга сатылды. Калганы кенен өзүн актайт.
Койлордун да каны жакшы, баары күүгө келип, жаңы алынган кочкорго койгом. «100 пайыз таза кандуу кой берет» деп айта албайм баары Алладан. Балким «брак» түшүп калышы мүмкүн, каны келбей калса мен утулам. Ушундай тобокелчилиги болуп калышы да мүмкүн. Мындай учурга да даяр туруш керек. Башкысы менде ишеним жогору, эн сонун асыл тукумдуу койлор түшөрүнө үмүтүм бар. Чоң кирешеге алып чыгат деп ойлойм. Санга эмес сапатка өткөндөрдүн катарын толуктайын дедим.
Арашанчыларды туут мезгил өзгөчө ойлонтот. Койлору тууй турган күндөрү уктабай деле калышат. Кээ бир койдун жатыны туруштук бере албай калышы мүмкүн. Козу ичинде кысылып калышы мүмкүн, баарын карап турушат. Кирешелүү күнү туут күнү. Бул арашанчылар күткөн күн. Түмөнү, түйшүгү көп. Аны ушул тукумдагы койду баккандар билет.
Короого атайын видеокамера да орнотуп койгом. Эртеңки күнү козуларын сатсам, «чын эле ушул кочкордун баласыбы?» деп сурап калыштары мүмкүн. Факты катары көрсөткөнү да жакшы», - деди ал.
Фермер «Белый кермез» кочкорунан сырткары да 4 кочкор кармайт. Арашан породасындагы «Франкель», «Реал», «Баяр» сыяктуу таанымал кочкордун балдарын алган.
«Франкель кочкордун түз баласы бар. Аларга 4 ургаачы койду койгом. «Кремль» деген кочкорго короомдогу өзүм ат койгон «Альбина» деген койго койдум. Короодогу койлорго ыңгайына коюп ат коюп баштайт экенсиң. Дагы бир ургаачы кой бар. Аны «Сулуу» деп атагам. Түсү да сулуу, боюу да бийик.
Короодо бир кочкор менен жумуш жетиштүү эмес. Бир кочкордон төл жакшы болбосо, башка кочкордон түшкөн төл чыгымды жаап, кирешеге чыгып турушу керек», - деди ал.
Каарманыбыздын айтымында, асыл тукумдуу койлордун наркына нааразы болгондор бар, бирок бул туура эмес. Кыргыз койчулардын 40-50 жылдан берки эмгегинин үзүрөн жаралган арашан коюазыр тирүүлөй салмагынан да келбетинен да коңшу өлкөлөрдүн породалуу койлорунан алдыңкы сапка чыккан.
«Түркменистандын бүлдөк ити бар. Президенттерге белеке берилип жүрөт, өтө кымбат. Арабдарды этке же ат оюндарга жарабаган аттары бар. Бирок миллиондорго сатылып жүрөт. Биздин мал чарбада жүргөн аталар, агалар канча жылдык мээнет менен чыгарган арашан койлор да миллион долларларга сатылыш керек. 1 жылдык таза козу кочкорлорду экспортко чыгарыш керек. Арашан деген түшүнүктү Орто Азия чөлкөмүнө таанытсак болот. Кымбат нерсе өндүрүлсө, экспорттолсо канчалаган үй-бүлөнүн таза кирешесине айланат. Элдин үй-жайы, жашоосу оңолот. Асыл тукум баалуулугун жоготпошу керек», - деди ал.