Turmush — «Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Каракол шаарынын 13 жаштагы тургуну Эмир Темирбеков. Ал учурда патриоттук ырларды аткарып, ар түрдүү сынактарда алдыңкы орундарды багындырып жүрөт. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Эмир Темирбеков 2013-жылдын 13-майында төрөлгөн. Учурда ал Доскулу уулу Сарт Аке атындагы мектептин 6-классында билим алат. Төрт бир туугандын кичүүсү. Өнөргө жакын үй-бүлөдө тарбияланган Эмирдин чыгармачылыкка болгон кызыгуусу бала кезинен эле байкала баштаган.
«Атам да, апам да жакшы ырдайт. Чоң энем да жакшы ырдачу экен. Ошолордун таланты мага өткөн окшойт. Негизи ырдап калышыма атам чоң дем берди. Аны менен чогуу ырдап, ал аткарган ырларды угуп жүрүп жаттап калып, өзүм да ырдап баштагам», — дейт ал.
Эмир алгачкы кадамдарын 4-5 жашында эле жасаган. Ал белгилүү ырчы Нурлан Насиптин ырларын сүйүп угуп, жаттап ырдачу.
«“Назирам” аттуу ырды 4 жашка чыга электе эле аткарып, ата-энемди таң калтыргам экенмин. Кичинекей бала бул ырды толук кантип жаттап алды деп таң калышканын айтып калышат», — деп жылмайып эскерет ал.
Музыкага болгон кызыгуусу жыл өткөн сайын күчөп, 2021-2022-жылдары Каракол шаарындагы музыкалык мектепке тапшырып, билим ала баштаган. Ал жерде комуз чертүүнү өздөштүрүп, улуттук аспапка болгон сүйүүсү арткан.
«Комузга болгон кызыгуум музыкалык мектепке киргенден кийин башталды. Класс жетекчим Атыркүл эже мага комузду сүйдүрүп, үйрөттү. Анын бул аспапта ойногонун көрүп, мен да кызыгып калдым. Ал мага комуздун сырын үйрөтүп, улуттук аспабыбызга болгон сүйүүмдү ойготту десем болот», — дейт Эмир.
Мындан тышкары, акыркы эки жылдан бери ал аккордеон черткенди да үйрөнүп жатат.
«“Крокодил Гена”, “Торгойум” сыяктуу чыгармаларды аткарып, аспапта ойногонду үйрөнүп калдым. Бир эле чыгарманы бир нече аспапта ойной алуу абдан жакшы деп ойлойм. Ар бир аспап чыгарманын жаңы өңүтүн ачып берет. Комуз черткенде өзүмдү эркин сезем. Эми аккордеондо да эркин ойной алганга аракет кылып жатам», — дейт ал.
Эмир сынактарда көбүнчө патриоттук ырларды аткарып, сахнада өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө умтулат.
«Алгачкы жолу 2-класста окуп жүргөндө Жети-Өгүз районунда өткөн сынакка катышып, Кызыл-Сууда экинчи орунду багындыргам. Бул жеңиш мага чоң дем берген. Андан кийин дагы көп сынактарга катыштым. Бирок ошол биринчи сынактагыдай толкундана элекмин. Азырга чейин ошол сыйлоо баракчасы мага өзгөчө жакшы сезим тартуулайт», — дейт жаш талант.
Учурда Эмирди сынактарга Балдар чыгармачылык борборунда сабак берген Кылыч агай даярдайт. Агайы менен бирге ыр тандап, үнүн иштеп, сахна маданиятын өздөштүрүү жаш өнөрпоз үчүн жагымдуу жана пайдалуу процесс болуп саналат.
«Кылыч агай бизге баарын үйрөтөт. Кантип ырдоо керектигин, ноталарды туура алууну, туура дем алууну, сахнада өзүн кандай алып жүрүү зарылдыгын түшүндүрөт. Ошондуктан агайым менен ар бир сынакка даярдануу мага абдан жагат», — дейт ал.
Үй-бүлөсү Эмирдин эң чоң колдоочусу. Алар сынактарга узатарда дем берип, кийим-кечесин даярдап, ар дайым жанында болушат. Бош убактысында болсо ал ата-энесине жардам берип, чарба иштерине активдүү катышат.
«Атамдын үйдөгү чарба иштерине жардам берем. Убакытты туура пайдаланып, сабак окуп, чыгармачылык менен алектенип, ошол эле учурда атама да кол кабыш кылууга аракет кылам», — дейт ал.
Бүгүнкү күндө Эмир Темирбеков 20дан ашык сынакта жеңишке жетишип, бир катар сыйлыктардын ээси болуп калды. Анын эң чоң максаты — келечекте чоң сахнага чыгып, ата-энесинин тилегин актоо.
«Мен сыяктуу ырдаган балдарга айтарым — аракет кылуу керек. Талантка эле ишенип коюу жетишсиз. Эмгек менен гана ийгиликке жетсе болот», — дейт жаш өнөрпоз.