Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Сыймык Сарыгулов «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду багып жатат. Анын чарбасы менен аймактык кабарчы таанышты.
Каарманыбыз бул малдын башын көбөйтүүнү максат кылып жаткандыгын айтты.
«Бир туугандарым менен биргеликте асыл-тукум мал асыроо, аны көбөйтүү максатында аракеттерди көрүп жатабыз. Мындан улам өткөн жылы 200 миң сомго "Арашан" тукумундагы кой-кочкорлордун көргөзмөлөрүнө чыгып жүргөн "БТР" каймана аттуу кочкордун тукумунан 4 тиштүү (4 жаш) кочкор сатып алганбыз. Азыр мунун боюнун бийиктиги 1 метр, узундугу 1,5 метр, салмагы 170-180 килограмм. Ушул эле кочкордун тукумунан 50 миң сомдон 100 миң сомго 2 козу алып келгенбиз. Азыр алар 2 тиштүү. Ушул 3 кочкорду күзүндө куутка салабыз. Мындан тышкары, Таласта көргөзмөлөргө чыгарылып жүргөн "Миллион" деген каймана аттуу кочкордун тукумунан 75 миң сомдон 150 миң сомго 2 козу кочкор алып келгенбиз. Анан былтыркы жылы "Арашан" тукумундагы койлордон 15 баш кой алып келип, төлүн алдык. Козуларын 20 миң сомдон саттык. Муну менен токтоп калбастан, 80 баш "Арашан" коюн сатып алдык. Буюрса сентябрь айынын ортосунда корообузга алып келебиз», - деди С.Сарыгулов.
Каарманыбыз сүт багытындагы эчки көбөйтүүгө дагы кызыкдар.
«Желиндери чоң, сүт багытындагы эчкилер болот эмеспи. Ошондой эчкилердин тукумунан ар бирин 15 миң сомдон, 2,5 айлык 3 улагын сатып алдык. Үч улактын экөөсү ургаачы, бири теке. Эчкинин сүтү коюу болот жана дарылык касиети дагы бар деп коюшат. Буюрса, сүт багытындагы эчкилерди дагы көбөйтүүнү максат кылуудабыз», - деди Сыймык Сарыгулов.